• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Азизбек Мадмаров Түркиянын элчиси Женгиза Камил Фыратты кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. КР Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Түркиянын КРдагы элчиси Жеңгиз Камил Фыратты кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР ТИМ башчысы Ч.Айдарбековдун 6-8-май күндөрү Түркияга болгон визитинин алкагында кол коюлган келишимдерди ишке ашыруу тууралуу сөз кылышкан.

Атап айтканда, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эмгек визаларын төмөндөтүү маселеси тыкыр талкууланган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мадмаров өзгөчө белгилегендей, эмгек визаларынын жасоо баасын төмөндөтүү Кыргызстан менен Түркиянын жарандары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, мамилелерди жакшыртуу жана эки тараптуу сапарларды күчөтүү максатында жасалган.

Ал белгилегендей, маанилүү маселелердин бири катары Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрү ортосундагы 2011-жылдын 26-апрелинен тарта жарандардын эки тараптуу сапарлары тууралуу келишимге кошумча протоколду ратификациялоо жана колдонуу болгон.

Кесиптештер эки өлкөнүн жарандары үчүн виза алуу маселелерин мындан ары да жөнөкөйлөтүү боюнча биргелешип иш алып барууну макулдашышкан.

Пикир

Оставить комментарий