• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Азизбек Мадмаров Таиланд элчисинин ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 14-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Таиланд Падышалыгынын элчиси Чатчаван Сакорнсиндин ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Мадмаров элчи Сакорнсиндин Таиланд Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси кызматына киришүүсү жана ишеним грамотасын тапшыруу аземине катышуусу менен куттуктады. Ал белгилегендей, кыргыз тарап кыргыз-тай мамилелеринин мындан аркы өнүгүүсүнө жана активдешине болгон үмүттөрүн анын дайындалышы менен байланыштырууда.

Тараптар кыргыз-тай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, ошондой эле эки тараптуу кызматташууну активдештирүүнүн келечеги, атап айтканда, өлкөлөр ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргыз-тай ТИМ аралык консультацияларды жана ар кандай деңгээлдерде өз ара сапарларды уюштуруу боюнча пикир алышты.

Кыргызстан менен Таиланддын ортосундагы дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгын белгилөөнүн алдында тараптар маанилүү окуяны майрамдоого арналган биргелешкен иш-чараларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Өз кезегинде, Таиланддын элчиси Ч.Сакорнсин министрдин орун басарына ыраазычылык билдирип, эки тараптуу мамилелерди активдештирүү жана эки тарапты кызыктырган тармактарда реалдуу натыйжаларга жетишүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Пикир

Оставить комментарий