• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азизбек Мадмаров Венада ЕККУ, ЮНИДО, МАГАТЭ жана БУУ БКБнын жетекчилери менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 11.09.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 6-сентябрынан 9-сентябрына чейинки аралыкта Венада КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов башында турган КР ЖКнын делегациясынын курамында Парламент Спикерлеринин 5-Бүткүл Дүйнөлүк конференциясына (5WCSP) катышуунун алкагында КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Австриянын Вена шаарында жайгашкан ЕККУ, ЮНИДО, МАГАТЭ жана БУУ БКБ (UNODC) эл аралык уюмдарынын жетекчилиги менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

ЕККУнун башкы катчысы Хельга Мария Шмид (Helga Maria Schmid) менен жолугушуу учурунда А.Мадмаров 2021-жылдын 28-ноябрында КРда парламенттик шайлоолор өтөрүн маалымдады. Шайлоолорду жалпыга таанылган демократиялык принциптерге жана ЕККУнун милдеттенмелерине ылайык өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Кыргыз тарабы эл аралык байкоочуларды, анын ичинде ЕККУ/ДИАУБ миссиясынын байкоочуларын чакырууну ниеттенүүдө. Байкоочулардын толук кандуу жана коопсуз иштөөсү үчүн бардык шарттарды түзүүгө кыргыз тарабынын даярдыгын билдирди.

ЕККУнун Бишкектеги академиясынын уникалдуулугун белгилеп, академия мындан ары дагы бекемделүүгө жана кеңейүүгө укуктуу экендигин баса белгиледи.

Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата КР президенти Садыр Жапаровго жана министр Руслан Казакбаевге жолдогон куттуктоолору жана жылуу каалоо-тилектери үчүн башкы катчыга ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде ЕККУнун ашкы катчысы Х.Шмид шайлоо процессинин жана байкоочулар миссиясынын ишинин маанилүүлүгүн баса белгиледи. ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын чоң колдоочусу экендигин, анын финансылык абалына көз салып, туруктуу каржылануусун камсыздоодо максималдуу колдоо алуу үчүн бардык аракетин жумшап жаткандыгын белгиледи.

ЮНИДОнун башкы директору Ли Йонг (LI Yong) менен болгон жолугушууда А.Мадмаров Кыргызстан ЮНИДО менен кызматташууга чоң маани берерин жана өнөр жайын өнүктүрүү үчүн Уюмдун дарамети менен ресурстарын мындан ары колдонууга кызыкдар экендигин белгиледи. 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын өнөр жайын туруктуу өнүктүрүү Стратегиясын иштеп чыгууда жана кабыл алууда көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда, Стратегияны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн, Кыргызстан өлкөлүк өнөктөштүк программасын (ПСП) ишке ашырууга мүмкүн болгон өлкөлөрдүн тизмесине киргендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде, Ли Йонг ПСП Кыргызстандын приоритеттери чагылдырылган маанилүү элемент экендигин баса белгилеп, бул программанын кыргыз тараптан тезирээк жактырылышына үмүт артарын билдирди.

МАГАТЭнин Башкы директору Рафаэль Мариано Гросси (Rafael Mariano Grossi) менен жолугушууда министрдин орун басары А.Мадмаров Кыргызстан МАГАТЭге мүчө болгондон бери өлкөдө радиациялык коопсуздукту жогорулатууга, радиоэкологиялык мониторингди жакшыртууга, медицинаны модернизациялоого, радиотерапия кызматтарын өркүндөтүүгө жана мамлекеттик мекемелердин дараметин күчтөндүрүүгө багытталган улуттук жана регионалдык бир катар долбоорлор ишке ашырылгандыгын маалымдады. 2020-2021-жылдар аралыгында 3 диагностикалык ПЦР жабдыктарын өткөрүп берүүгө жардам бергендиги үчүн агенттикке ыраазычылык билдирди.

Кыргызстанда уран калдыктарын (Миң-Куш, Майлуу-Суу, Шекафтар) реабилитациялоо боюнча Стратегиялык мастер-планды ишке ашыруунун ийгиликтүүлүгүн белгиледи. Учурда тараптар 2021-жылдын сентябрында МАГАТЭнин Башкы конференциясынын 65-мааракелик сессиясынын алкагында кол коюла турган Стратегиялык мастер-пландын жаңыланган долбоорун иштеп чыгууда.

Өз кезегинде Р.М.Гросси КРнын мамлекеттик органдарынын дараметин чыңдоо боюнча Агенттиктин күч-аракеттерин баса белгиледи. Уран калдыктары менен байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүнүн маанилүүлүгүнө жана зарылдыгына көңүл бурду.

БУУнун Баңгизат жана кылмыш боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) операциялар боюнча департаментинин аткаруучу директордун орун басары рангындагы Директору Мива Като (Miwa Kato) менен жолугушууда А.Мадмаров эл аралык коопсуздукту чыңдоо үчүн Кыргызстан БУУ БКБнын миссиясын жактай тургандыгын белгиледи. Баңгизат каражаттары боюнча Комиссия жана Кылмыштуулуктун алдын алуу, жазык адилеттиги боюнча Комиссия сыяктуу Уюмдун жетектөөчү органдарынын ишине КР жигердүү катышып жаткандыгын баса белгиледи. Терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүдө бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун күч-аракетин бириктирүү зарылдыгы тууралуу пикирин билдирди. Ушундан улам БУУ БКБнын 2022–2026-жылдарга Борбордук Азия үчүн Программасын мүмкүн болушунча тезирээк макулдашуу жана бекитүү маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде М.Като регионалдык жаңы Программа БУУ БКБнын Борбордук Азия өлкөлөрү, анын ичинде Кыргызстан менен кызматташуусуна жаңы горизонтторду ачууга мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий