• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азык-түлүк, дары-дармек ташып келген ишкерлер Бишкек шаарына тоскоолдуксуз кире алат - Орозалиев

Коом 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Азык-түлүк, дары-дармек ташып келген ишкерлер Бишкек шаарына тоскоолдуксуз кире алышат. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында ички иштер министринин орун басары, Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, ишкерлер Бишкек шаарына, ошондой эле шаардын карантиндик аймактарына тоскоолдуксуз кире алат. "Киргизилген өзгөчө абал режиминин убагында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында Бишкек шаарынын аймагында бир нече посттор коюлган. Ал посттор аркылуу азык-түлүк, дары-дармек, медициналык каражаттарды ташып кирүүгө болот", - деп кошумчалады ал.

Алар төмөнкү посттор аркылуу өтө алышат:

Алыкулов –Ден Сяопин;

Васильев тракты - Достук дачасы;

Жаш-Гвардия бульвары – Айланма жол;

Курманжан датка – Айланма жол;

Киргшелк посту;

7-апрель- Токомбаев (Магистраль);

Кожобергенов – Жеңишке 50 жыл,

Семетей - Жеңишке 50 жыл,

Селекция- Май куючу жайы.

"Биз азык-түлүк, дары-дармек алып келип жаткан ишкерлерди бардык жагынан колдоого аракет жасап жатабыз",- деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий