• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азык-түлүк коопсуздугу. Кыргызстан өзүн кайсы азык-түлүктөр менен толук камсыз кыла алат?

Экономика 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу тууралуу маалымат берди.

Министрлик билдиргендей, азык-түлүк коопсуздугу өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоонун башкы багыттарынын бири жана анын мамлекеттүүлүгүн жана азык-түлүк көз карандысыздыгын сактоонун фактору болуп саналат. .

Нан азыктары менен камсыздоо абалы

Буудай азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда эң маанилүү өсүмдүк экендиги талашсыз. Быйыл буудайдын айдоо аянты 7 миң 900 гектарга көбөйтүлгөн. 2020-жылы 680 миң тонна буудай жыйноо пландалууда. Кыргызстан жыл сайын 350-400 миң тоннага жакын аштык буудайды сырттан сатып алат.

Картошка

Өлкө боюнча картошка 76,3 миң гектар жерге айдалып, жалпы 1 млн 320 миң тонна түшүм алуу пландалууда. Кыргызстанда өстүрүлгөн картошка өлкөнүн ички азык-түлүк рыногунун керектөөсүн толук камсыз кылууга жетип, экспортко чыгарууга да мүмкүнчүлүк бар.

Жашылча жана бакча өсүмдүктөрү

2020-жылы жашылча өсүмдүктөрү 52,9 миң гектар жер аянтка айдалган. Анын түшүмү 1 млн 153 миң тонна болот деп күтүлүп жатат. Кыргызстанда өстүрүлгөн жашылчалар ички керектөөнү жабууга жетип, сыртка чыгарууга да мүмкүнчүлүк бар.

Мөмө-жемиштер

Бүгүнкү күндө өлкөбүздө 51,5 миң гектар жерди мөмө-жемиш аянттары ээлейт. 2020-жылы анын түшүмү 270,4 миң тонна болот деп күтүлүүдө.

Эт өндүрүү

2020-жылдын январь-июль айларында республиканын бардык категориялардагы чарбаларында тирүүлөй салмакта 216 миң тонна эт өндүрүлгөн. Калкты эт жана эт азыктары менен камсыз кылууда үй канаттууларынын этине муктаждыктар жаралышы мүмкүн. Себеби өлкөгө жылына 38 миң тоннага чейин үй канаттуулар эти сырттан ташылып келинет. Белгилей кетчү нерсе, сырттан үй канаттуулардын эти алынып келет.

Сүт өндүрүү

2020-жылдын январь-июль айларында республика боюнча 960,2 миң тонна сүт өндүрүлгөн. Кыргызстан сүт жана сүт азыктары менен өзүн-өзү толук камсыз кылып, коңшу мамлекеттерге да экспорт кылат.

Жумуртка өндүрүү

2020-жылдын январь-июль айларында республикада 346,7 млн даана жумуртка өндүрүлүп, былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу жумуртка 2 млн 366 миң даанага көп өндүргөн.

Кант кызылчасы

Быйыл кант кызылчасы мурдагыга караганда азыраак айдалган. Кант кызылчасынын айдоо аянтынын азайышынын негизги себеби "Кайыңды Кант" жана "Кошой" ачык акционердик коомдорунун кант кызылчасынын баасын төмөндөтүшү болгон. Ошондой эле ага кант кызылчасын кайра иштетүүчү заводдор тарабынан келишимди бузгандыгы да себеп болгон. Ошондой эле жаз айларындагы аба ырайынын бузулушунун себебинен 2020-жылы кант кызылчасы 8,4 миң гектар жерге айдалган. Быйыл кант кызылчасынан 436,8 миң тонна түшүм алуу пландалууда.

Өсүмдүк майын өндүрүү

Быйыл өлкөдө май өсүмдүктүктөрү 19,6 миң гектар аянтка себилип, анын түшүмү 24,1 миң тонна болот деп күтүлүүдө. 2020-жылдын январь-июнь айларында өлкөгө 81,9 миң тонна май азыгы импорттолгон: негизинен зайтун майы – 40,4 тонна жана күн карама майы – 79 миң 980,4 тонна.

Пикир

Оставить комментарий