• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азык-түлүктөрдү кымбат саткан сатуучуларга 100гө чукул эскертме берилген - Сабиров

Коом 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Азык-түлүктөрдү кымбат саткан сатуучуларга 100гө чукул эскертме берилген. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Шухрат Сабиров билдирди.

Анын айтымында, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 13-марттан бери азык-түлүккө болгон бааларды көзөмөлдөп келүүдө. "13-марттан бери азык-түлүккө болгон бааларды көзөмөлдөө максатында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги тарабынан соода тармагында иштеген сатуучуларга 100гө чукул эскертме берилген. 30 орчундуу маселелер Каржы полициясына өткөрүлүп берилген", - дейт ал.

Сабиров кошумчалагандай, азык-түлүктүн баасан жогорулаткан сатуучуларга айыппулдар салынып жатат. "Буга чейин азык-түлүктүн баасын жогорулатып саткандарга 1 миң сом айып пул салынып келген. 3-апрелден тарта өзгөчө абал кирген аймакта азык-түлүктүн баасын нормадан жогору саткан жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом айып пул салынат", - деп белгиледи Сабиров.

Пикир

Оставить комментарий