• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азыр ээн-эркин көчөгө чыгууга эрте – Жалал-Абад шаарынын мэри

Аймак 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Азыр ээн-эркин көчөгө чыгууга эрте. Бул тууралуу Жалал-Абад каналынын түз эфиринде Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев билдирди.

Түз эфирде ага айрым ишканалар ишин баштады, эми көчөгө ээн-эркин чыкса болобу деген суроо узатылды.

"Жалал-Абад шаарында өзгөчө абал 10-майга чейин узартылды. Буга чейин кандай талаптар коюлса, алар сакталып калат. Анын биринчи максаты – оорунун алдын алуу. Себеби жок сыртка чыкпоого чакырам. Азык-түлүк, дарыканага же ушундай орчундуу маселе менен сыртка чыкпасаңыз, үйдө болгонуңуз оң. Азыр ээн-эркин көчөгө чыгууга эрте" - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 1-майга карата коронавирус жуктурган 10 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 756ны түзөт. Алардын ичинен 504 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Ат-Башы районунда киргизилген өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий