• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азыр жаңы карантин тууралуу сөз кылууга эрте – Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Азыр жаңы карантин тууралуу сөз кылууга эрте. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалымат жыйында Үсөнбаевге эгер карантин алынып калып, андан кийин оору кайра чыгып, массалык түргө ээ болсо жаңы карантин киргизилеби деген суроо узатылды.

"Карантин чукул чаралардын бири. Кытайда, Европада ал өзүнүн жакшы жыйынтыктарын берди. Жарандардын бири-бири менен байланышта болбогону кырдаалды көзөмөлгө алууга, оорунун жайылып кетишин алдын алууга мүмкүнчүлүк берет. Карантин алынгандан кийин оору кайра чыкса жана ал массалык түргө ээ болсо карантиндик, обсервациялык чектөө чараларын колдонуу зарыл болуп калат. Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга карап айтсак, жаңы карантин тууралуу сөз кылууга эрте", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 27-апрелге карата коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 695ти түзөт. Алардын ичинен 395 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий