• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Азыркы учурда экзит–полл уланып жатат

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 10.01.21. /Кабар/. Азыркы учурда экзит–полл уланып жатат, - деп билдирди Sayasat.kg маалымат-аналитикалык порталынын расмий өкүлү Мирлан Айталы.

Анын айтуусуна караганда, республиканын бардык аймактарын камтыган 243 шайлоо участогунда маалымат-аналитикалык порталынын кызматкерлери сурамжылоо жүргүзүп жатышат. Ал эртең мененки саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин шайлоо участоктору жабылмайынча уланат.

"Бул саатка биздин кызматкерлерден алынган маалыматка таянсак, добуш берүү укугуна ээ болгон жарандардын шайлоого активдүү катышып жаткандарын белгилесек болот", - дейт Мирлан Айталы.

Интервюерлер шайлоого катышкан жарандарга эки суроо узатып жатышат.

1. Кайсы талапкерге добушунузду бердиңиз?

2. Кайсы башкаруу формасына добуш бердиңиз?

Негизинен, шайлоо процесси тынч акбалда өтүп жаткандыгы белгиленүүдө. Алардын көпчүлүгүндө жаңы өзгөрүүгө үмүт артып жаткандарын, Кыргызстан тунгуюктан чыгып, өнүгүү жолуна түшөөрүн белгилешүүдө.

"Көпчүлүк жарандар толук үй-бүлөсү менен шайлоого катышып жатышкандарын дагы кошумчалай кетсек болот. Жарандар бул шайлоону, биздин өлкөдөгү тарыхый этап болуп жаткандыгын түшүнүп жатканын жана алардын добушу өлкөнүн келечектеги тагдырына таасир этээриндигине ишеничи бар экенин дагы белгилей кетели", - дейт Айталы.

Сурамжылоо кечки саат 20:00гө чейин уланып, шайлоо участоктору жабылгандан кийин, кыска убакыттын ичинде “саясат.kg” маалымат-аналитикалык порталы өзүнүн биринчи жыйынтыктарын жарыялайт.

Пикир

Оставить комментарий