• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Азыркыдай экономикалык оор кырдаал мага чейинки бир дагы президенттин шыбагасына жазылган эмес – Жапаров

Президент 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. “Атпай журт айттырбай туюп, көрүп-билгенди мен да байкап, көрүп-билип турам”, - деди Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда элге кайрылуусунда.

Анын айтымында, азыркыдай экономикалык абдан оор кырдаал, кризистик жагдай мага чейинки бир дагы президенттин шыбагасына жазылган эмес.

“Эңшерилген экономиканы, түбү түшкөн казынаны 20 миллиард дефицити менен алдым. Анысы аз келгенсип пандемиянын кесепетинен бардык өлкөлөр менен карым-катнаш, соода-сатык бүгүнкү күнгө чейин токтоп турат. Мен өткөндү жамандап, акаарат айтып, күнөөлүүлөрдү издегим келбейт. Даанышман элибиз кимдин ким экенин ансыз деле жакшы билет. Биз эгемендүүлүккө жетишкен жылдары оңго-солго урунуп, изденүүнүн жолунда болдук. Бирок тарых тарабынан бизге изденүү үчүн чегерилген убакыт аяктады. Кудай буюрса, бул кыйынчылыктан да жолун таап чыгып кетебиз. Болгону күнү-түнү дебей талыкпай эмгектенели”, - деди ал..

Президент бүгүнкү кайрылуу менен калк алдына чыгардан оболу, эл-журт, ошонун ичинде экономика тармактарындагы адистер, ардагерлер менен ондогон жолугушууларды өткөргөнүн белгиледи.

“Карапайым элдин, жумурай журттун ой-санаасын, өлкөбүздөгү окуяларга карата көз карашын билгим келди. Андыктан, азыркы кайрылуумду коллективдүү ой-толгоонун корутундусу, эл-журттун үмүт-тилегинин жалпылаштырылган жобосу деп атасак да жарашат. Президент катары менин убактым өтө аз экенин жакшы түшүнүп турамын”,-деди Жапаров.

Ал белгилегендей, эгемендүүлүккө ээ болгондон берки изденүүлөрдөн соң биздин акыбалыбызды минтип сыпаттасак болот:

— элибиздин салт-санаасынын, маданий жана рухий дөөлөттөрүнүн деградацияга кириптер болду;

— коомубуздун чар-жайыттыгы;

— мамлекетти башкаруу системасы сенектикке учурашы;

— экономика чабал;

— өлкөбүздүн сырткы күчтөрдөн, асыресе ресурстардан жана таасир этүүчү борборлордон көз карандылыгы.

“Урматтуу кыргызстандыктар, кыргыз элим! Былтыркы жылы мамлекетибиз үчүн абдан оор жыл болду. Ички дүң продукциянын өсүш темпи дээрлик 9 пайызга төмөндөдү! Бул акыркы 20 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч. Бюджеттин дефицити мурдагы жылдарга караганда 3 эсеге өсүп, ички дүң продукцияга карата 3 пайызды түздү! Ал эми, жыл соңуна карата тышкы карызыбыз ички дүң продукцияга карата 58 пайызды түзүп, эң эле опурталдуу чекке жетти!

Улуттук кызыкчылыктарды коргобостон, инвестицияны кор тутуунун натыйжасында стратегиялык тармактарыбыз — энергетика жана тоо-кен тармактары жабыркады”,-деди өлкө башчысы.

Анын айтымында, айыл-чарбасы майда товар өндүрүүнүн деңгээлинен көтөрүлө албай, өнүмдүүлүгү төмөн.

“Экономикалык кыйын кырдаал элибиздин социалдык абалын күн санап оорлотууда. Биз билекти түрүнүп, белди бекем бууп, алдыга карай иш-аракеттирибизди күчөтүшүбүз керек”,-деди Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий