• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Азырынча коронавирус жуктурган дарыгерлерге кенемте төлөнө элек – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 11.04.20. /Кабар/. Азырынча коронавирус жуктурган дарыгерлерге кенемте төлөнө элек. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Ал белгилегендей, медицина кызматкерлерине кенемтени берүүдөн мурда эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүлөт.

"Өкмөттүн буйругуна ылайык, коронавирус жуктурган медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми оорудан каза болсо 1 млн сомдун тегерегинде кенемте төлөнөт. Бүгүнкү күндө кенемте төлөнө элек. Себеби ар бир учур боюнча комиссия түзүлүп, эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүлөт. Комиссия чечим чыгарып, анын сунушунун негизинде кенемте төлөө каралат", - деди ал.

Белгилей 11-апрелге карата Кыргызстанда дагы 12 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталган. Ошентип өлкөдө илдетти жуктурган саламат сакчыларынын саны 51ге жетти.

Кыргызстанда 11-апрелге карата коронавирус жуктурган 41 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 339га жетет. Алардын ичинен 44 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий