• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бакетаев: Атамбаев басма сөз менен сүйлөшүүнүн жаңы доорун ачты

Коом 0

Чолпон-Ата, 24-июль /Салтанат Абдраева – Кабар/. “Менин пикиримде Алмазбек Атамбаев өлкөдө басма сөз менен пикир алмашуунун жаңы доорун ачты”,-дейт Бакыт Бакетаев Чолпон-Атадагы президенттин маалымат жыйынына комментарий берип жатып.

Анын айтымында, мамлекет башчысы бүгүнкү жолугушууда өзүнүн катуу айтылган сөздөрү үчүн кечирим сурады. “Президент журналисттер менен ар дайым ачык жана чын жүрөгүнөн эч кандай даярдыксыз сүйлөшүп турат. Менин көз карашым боюнча кийинки президентке бул тренд болуп калат. Алар дагы бул салтты карманып, басма сөз менен жолугушуудан коркушпайт”,-дейт саясат таануучу.

Бакетаев мамлекет башчысына журналисттер элдин арасынан чогулган суроолорду берди дейт. Эл журналисттер аркылуу бардык маалыматты биле алышат. “ Менимче бул журналисттер менен болгон байланышта жаңы ыкма. Биз убакытты Атамбаевге чейин жана андан кийин деп бөлсөк болот”-деп эсептейт политолог.

Президенттин жооптору Бакетаевдин айтымында, чын жүрөктөн чыкты. Бул бардыгына түшүнүктүү болду. “Ал айрым учурларда өзүнөн чыгып кетти, кээде эмоционалдуу жооп берип жатты, бул жасалмалуулук эмес. Адам калп айткан учурда ал бир темага ашыкча кайрылып келбейт. Эгер дипломат болсо, сен аны менен 24 саат бою сүйлөшсөң дагы өзүңдүн берген сурооңо жооп ала албайсың. Ал эч убакта ачылбайт жана жаңылбайт. Себеби ал машыккан. Биз бүгүн суроолорубузга чын жүрөктөн чыккан жоопторду ала алдык”,-деп кошумчалады Бакыт Бакетаев.

Пикир

Оставить комментарий