• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бүгүн 1 миңге жакын жараныбыз Ош, Бишкекке чартердик каттам менен учуп келди - Акышев

Коом 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Бүгүн 1 миңге жакын жараныбыз Ош, Бишкекке чартердик каттам менен учуп келди. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Анын айтымында, кыргыз жарандар “Аэрофлот” жана “Урал” компаниясы менен Бишкек, Ош шаарларына учуп келди.

“Эртең да кыргыз жарандарын алып келүү үчүн 8 каттам жүргүзүлөт. Учурда 4 компания жарандарыбызды ташып жатат. Башка өлкөлөрдө 3 миң жараныбыз бар”, - дейт ал.

Акышев белгилегендей, 23-мартта дагы 5-6 каттам болот.

Пикир

Оставить комментарий