Бишкек, 21.06.19. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстан боюнча баардык мектептерде 9-классты аяктаган окуучуларга окуу күбөлүктөрүн тапшыруу аземи өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул жылы 9-классты 96 миң окуучу аяктоодо.
Күбөлүктөрдү тапшыруу салтанаты саат 10:00дө башталат.
Пикир
Оставить комментарий