• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн Айпери Медет кызы болгариялык спортчу менен күрөшөт

Спорт 0

Бишкек, 05.10.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында килем үстүнө чыгат. Бул тууралуу United World Wrestling уюмунун сайтында айтылат.

Кыргызстандык спортчу 76 кг салмакта болгариялык Мария Орешкова менен күрөшөт. Эки спортчу мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сынашат.

Спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 2-10-октябрда Норвегиянын Осло шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан 15 балбан аттанган.

Буга чейин Айсулуу Тыныбекова менен Эрназар Акматалиев аталган мелдештин финалына чыккан. Ал эми Алибек Осмонов Дүйнө чемпионатында коло медалды багындырган.

Пикир

Оставить комментарий