• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн “Айтматов ааламы” аттуу эскерүү иш-чарасы өтөт

Коом 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 10-июнда, саат 15:00дө Онлайн университети платформасы Чыңгыз Айтматовдун дүйнөдөн өткөн күнүнө карата “Айтматов ааламы” аттуу эскерүү иш-чарасын өткөрөт. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Элира Турдубаева билдирди.

Программага белгилүү адабиятчы, профессор, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү Осмонакун Ибраимов, түркиялык адабиятчы, Түркиядагы Кастамону университетинин профессору, Кыргызстан Айтматов академиясынын мүчөсү Орхан Сөйлемез жана учурда Түркиянын Карабүк университетинин Чыңгыз Айтматов атындагы Түрк Дүйнөсүн изилдөө борборунун жетекчиси, доцент Жылдыз Исмаилова катышат.

Эске салсак, улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.

ЮНЕСКОнун билдирүүсү боюнча, Ч. Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган классиктердин бири. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө бир нече ирет чоң тираж менен басылып, жарыкка чыгып келет.

Белгилей кетсек, Онлайн университети учурда илим, билим жана маданият багытында Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө иштеп жаткан кыргыз окумуштуулардын вебинарларын, онлайн маектерин ЖОЖ жана мектеп мугалимдерине, жалпы эле кыргыз коомчулугуна байма-бай уюштуруп келе жатат.

Онлайн университетинин курамын Кыргызстандын алдыңкы ЖОЖдорунун окутуучулары жана чет өлкөдө агартуучулук жаатында иштеп жаткан кыргыз окумуштуулары, адистери түзүшөт.

Пикир

Оставить комментарий