• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн Ак илбирс-2019 улуттук кино сыйлыгы тапшырылат

Маданият 0

Бишкек, 26.04.19. /Кабар/. Бүгүн Ак илбирс-2019 улуттук кино сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өтөт.

Сыйлык тапшыруу аземи "Манас" кинотеатрында саат 17:00дө башталат.

Белгилей кетсек, жыл сайын берилүүчү "Ак илбирс" сыйлыгы 2012-жылы уюшулган.

Мындан мурдараак уюштуруучулар сыйлык алууга ат салышып жаткандардын тизмесин жарыяланган.

Андан тышкары, уюштуруучулар дүйнөлүк кинематография тармагына кошкон салымы үчүн "Ак илбирстин" атайын сыйлыгы Кыргыз Эл артисти, атактуу кинооператор Манасбек Мусаев менен Тажикстандын Эл артисти, режиссер, кинооператор Давлат Худоназаровго берилерин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий