• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн “Ак шумкарлар” Япониянын курамасы менен оюн өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 15.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 15-июнда футбол боюнча Кыргызстандын курамасы менен Япониянын командасы оюн өткөрөт.

Беттеш 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын Азия чөлкөмүндөгү тандоо турунун алкагында Япониянын Суйта шаарында Бишкек убактысы менен саат 16:25те өтөт.

Эскерте кетсек, “Ак шумкарлар” буга чейин Мьянманын командасын 8:1 эсебинде утуп, Монголиянын курамасына 0:1 эсебинде утулуп калган.

“Ак шумкарлар” F тайпасында Япония, Мьянма, Монголия жана Тажикстандын курама командалары менен жайгашкан. Кыргызстандын курамасы тайпада 10 упайы менен экинчи орунда келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий