• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн “Академиялык окуу, жазуу кыргыз тили жана адабияты сабактарында” аттуу вебинар өтөт

Коом 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 11-июнда саат 17:00дө Онлайн университетинин педагогика лабораториясы “Академиялык окуу, жазуу кыргыз тили жана адабияты сабактарында” аттуу вебинар өткөрөт. Бул тууралуу аталган вебинардын уюштуруучуларынын бири Элира Турдубаева билдирди.

Вебинарда азыркы убакта эң маанилүү билгилик катары таанылган академиялык окуу жана жазуу көндүмдөрүн кыргыз филологиясынан башка факультеттериндеги кыргыз тил, адабият сабактарынын алкагында калыптандыруунун жолдору жана анын мааниси талкууланат.

Мындан тышкары, жаңы даярдалган "Кыргыз тили академиялык окууда жана жазууда" окуу китебинен фрагменттер, ошондой эле кыргыз тил жана адабият боюнча сабакта материалдарды колдонуу боюнча автордук иштелмелер, сунуштар көрсөтүлөт.

Вебинардын спикери Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Уулкан Камбаралиева.

Белгилей кетсек, Камбаралиева тил илиминин маселелери боюнча 116 эмгектин автору. Ал когнитивдик тил илими боюнча Кыргызстандагы алгачкы докторлук иш болуп саналган "Темпоральная категоризация в концептуальной картине мира (на материале русского и кыргызского языков)" аттуу диссертациясын 2014-жылы жактаган.

Маалымат үчүн: Онлайн университети учурда илим, билим жана маданият багытында Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө иштеп жаткан кыргыз окумуштуулардын вебинарларын, онлайн маектерин ЖОЖ жана мектеп мугалимдерине, жалпы эле кыргыз коомчулугуна байма-бай уюштуруп келе жатат. Онлайн университетинин курамын Кыргызстандын алдыңкы ЖОЖдорунун окутуучулары жана чет өлкөдө агартуучулук жаатында иштеп жаткан кыргыз окумуштуулары, адистери түзүшөт.

Пикир

Оставить комментарий