• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык концерт өтөт. Чүй проспектиси жабылат

Коом 0

Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 31-декабрь күнү кечинде "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык концерт өтөрүнө байланыштуу Чүй проспектисинин бир бөлүгү жабылат.

Мындан мурдараак, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 18:00дөн түнкү саат 24:00гө чейин жабылат.

Белгилей кетсек, "Ала-Тоо" аянтындагы жаңы жылдык концерт саат 20:00дө башталат. Мэриядан билдиришкендей, концерттик иш-чарада мэриянын Маданият башкармалыгынын чыгармачыл жамааттары, Аяна Касымова, Иса Өмүркулов, Султан Каримов, Динара Акулова, Кайрат Примбердиев, Гүлжигит Калыков, Расул Маматкулов, Бактияр Токторов, Салтанат Аширова, Съездбек Искеналиев, Замир Арыкбаев, Омар, Арсен, Марс Мамаев өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Пикир

Оставить комментарий