• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн “Ата-эне жана бала лабораториясынын” алгачкы вебинары өтөт

Коом 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 5-майда саат 15:00дө “Ата-эне жана бала лабораториясынын” алгачкы вебинары өтөт. Иш-чараны Онлайн университети өткөрүүдө.

Вебинар-маекте ата-эне менен баланын ортосундагы жылуу мамилени кантип куруп, өнүктүрүү жөнүндө тажрыйба бөлүшүү болот.

Маектин алып баруучусу лингвист- котормочу Гулизат Бекмурзаева.

"Маектин коногу Германиянын Тюбинген университетинин мугалими жана докторанты - мекендешибиз Гүлзат Баялиева. Онлайн баарлашууда коногубуз мектеп жашындагы балдарын искусство дүйнөсү менен кантип тааныштырып жаткандыгы туурасында өз тажрыйбасын баяндап берет. Гулзат пандемия учурунда музейлердин онлайн ачык көргөзмөлөрүнө баш багып гана тим болбостон, белгилүү сүрөтчүлөрдүн, скульпторлордун эмгектерине балдары менен биргеликте 28 реплика жасап, чыгармачылыктан өзү да, балдары да ажайып эмоцияларды алгандыгын айтып берет", - деп билдиришти Онлайн университеттен.

Колдо бар жөнөкөй буюмдар менен сүрөттөрдү тартып, айкелдерди жасап, портреттерди жаратып жатып, эне менен бала бири-биринен көп нерсе үйрөнүп, искусствону таанууга чогуу чыйыр салып жаткандыгын көрөсүз.

Эске салсак, “Онлайн университети” платформасынын курамы чет өлкөлөрдө билим берүү жана илимий изилдөө борборлорунда иштеген кыргызстандык мекендештерибизден жана жергиликтүү тажрыйбалуу педагогдордон турат.

Вебинардын шилтемеси: Идентификатор: 986 7145 7782, пароль: 365243 https://zoom.us/j/98671457782

Пикир

Оставить комментарий