• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн «Беш көкүл кыздарга санарип мүмкүнчүлүктөр» онлайн-вебинары өтөт

Коом 0

Бишкек, 11.10.22. /Кабар/. «Беш көкүл кыздарга санарип мүмкүнчүлүктөр» аталышындагы онлайн-вебинар өтөт. Иш-чара бүгүн, 11-сентябрь, саат 16:00дө башталат. Онлайн-вебинарды «Интернет коомунун кыргыз бөлүмү» уюштуруп жатат.

Белгилей кетсек, 11-октябрь дүйнө жүзү боюнча «Кыздар күнү» белгиленет. Бул күн кыздардын социалдык көйгөйлөрүнө, алардын жынысына байланыштуу теңсиздигине жана башка түрдүү басмырлоолорго каршы күрөшүүнүн күнү катары белгилүү. Бирок буга катарлаш, кыздардын билим алуусуна жана бакубат турмушуна жол ачкан миңдеген мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтууга, сөз кылууга абдан жакшы ыңгайлуу болгон күн.

Буга байланыштуу «Интернет коомунун кыргыз бөлүмү» «Беш көкүл кыздарга санарип мүмкүнчүлүктөр» аталышындагы онлайн-вебинар өткөрөт. Анда эл аралык жана Кыргызстандагы таасирдүү жана өзүнүн басып өткөн жолу менен шыктандыра турган айымдар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, кыздардын суроолоруна жооп беришет. Форум Евробиримдиктин «Санарип Инсан» долбоорунун алкагында уюштурулууда.

«Беш көкүл кыздарга мүмкүнчүлүктөр» деген аталыштагы онлайн-маектешүүнүн максаты, кыздарды колдоо, өзгөчө алыска айыл-аймактардагы кыз-келиндерди билим алууга жана технологиялык илимге кызыгууга шыктандыруу болуп саналат.

Онлайн-маек бей-расмий форматта өтөт, ага өлкөнүн бардык булуң-бурчунан кыз-келиндер, студенттер, мектеп окуучулары жана алардын ата-энелери Zoom аркылуу катышса болот.

Пикир

Оставить комментарий