• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бүгүн Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

Коом 0

Бишкек, 02.04.18. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы, бүгүн, 2-апрелде Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун мөөнөтү аяктаарын эскертет. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ушуга байланыштуу, Салык кызматы декларацияны тапшыра элек салык төлөөчүлөрдү түн ортосуна чейин тапшырууга чакырат.

Маалыматка ылайык, бүгүн аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 12.00гө чейин кабыл алышат.

Көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга 2000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Толук маалыматты Салык кызматынын 194 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий