• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү

Коом 0

Бишкек, 31-март /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматы, бүгүн, 31-мартта Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуунун мөөнөтү аяктаарын эскертет. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ушуга байланыштуу, салык кызматы декларацияны бере элек жарандардан аны түн ортосуна чейин берүүгө чакырат.

Бүгүн бардык аймактык салык органдары декларацияны түнкү саат 12ге чейин кабыл алышат.

Эске салсак, 1-апрелге чейин жеке жактар 2016-жылы алынган кирешелер же жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери тууралуу жана башка маалыматтар жөнүндө салык органдарына отчет берүүлөрү керек.

Тактап айтканда, көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 194 номурунан жеwww.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Пикир

Оставить комментарий