• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн "Бишкек - Кара-Балта" поезди бир күнгө убактылуу токтотулат

Коом 0

Бишкек, 31.05.19. /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда жүргүнчүлөрдү ташыган "Бишкек - Кара-Балта" поезди бир күнгө убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

"Кара-Балта-РЗД-141" темир жолу тилкесиндеги оңдоо иштерине байланыштуу №6059/6060 жана №6061/6062 "Бишкек - Кара-Балта" поезди убактылуу токтотулат", - деп билдирет аталган ишкана.

Ал эми 2-июндан тарта аталган поезд каттамы белгиленген тартип боюнча иштей баштайт.

Мекемеден билдиришкендей, 1-июндан тартып Ала-Тоо (Сокулук району) жаңы конушунда (Бишкек-I жана Сокулук бекеттеринин ортосунда) поезд токтоочу жайы ачылды.

Пикир

Оставить комментарий