• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн Бишкекке Екатеринбургдан 17 кыргызстандык учуп келди

Коом 0

Бишкек, 06.04.20. /Кабар/. Бүгүн, 6-апрель күнү "Манас" эл аралык аэропортуна Екатеринбургдан (Россия) кыргызстандык 17 жаран учуп келди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Алар Кыргызстанга "Урал аба жолдору" компаниясынын учагы менен учуп келген.

Штабдан белгилешкендей, келген жарандар ооруканага жана обсервацияга жаткырылган.

"Алардын ичинен 2 адам ИИМдин ооруканасына, 3 адам жугуштуу оорулар бейтапканасына жана 12 адам обсервацияга жаткырылды", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, "Урал аба жолдору" компаниясынын учагы Россиянын 35 жараны менен кайра Екатеринбургга учуп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий