• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бүгүн Бишкекте АФК-2017 кубогун ойнотуунун алкагында “Дордой” “Алай” менен беттешет

Спорт 0

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. Азия футбол конфедерациясы – 2017 кубогун ойнотуунун алкагына бүгүн D тобундагы оюндардын 2-туру болот. Бул тууралуу КРнын футбол федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо борбор шаардын командасы “Дордой” менен Ош шаарынын “Алай” командасы беттешет. Оюндун башталышы 16:00. Кирүү акысыз.

Эскерте кетсек, мындан мурда АФК-2017 кубогунун топтук этабынын 1-оюнунда “Алай” Түркмөнстандын “Алтын Асыр” командасына 1:2 эсебинде, ал эми “Дордой” тажикстандык “Истиклол” командасына 0:2 эсебинде жеңилип калган.

Пикир

Оставить комментарий