• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бүгүн Бишкекте казак акыны Абай Кунанбаевдин эстелиги жана КазУУнун филиалы ачылат

Президент 0

Бишкк 26.05.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев бүгүн Бишкекте казак элинин улуу акыны, агартуучу, эки элдин даңазалуу инсаны Абай Кунанбаевдин эстелигин ачуу аземине катышат.

Ошондой эле Бишкекте Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин (КазУУ) филиалы ачылат.

"Бүгүн Касым-Жомарт Кемелевич экөөбүз казак элинин улуу акыны, агартуучу, эки элдин даңазалуу инсаны Абай Кунанбаевдин эстелигин ачуу аземине катышабыз", - деди Садыр Жапаров жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон билдирүүсүндө.

Президенттин айтуусуна караганда, жакынкы арада Нур-Султан шаарында Манастын эстелигин ачуу пландалууда.

"2022-2023-окуу жылына Казакстандын ЖОЖдоруна окууну каалаган Кыргызстандын жарандары тандалып алынды. Тизмеге казак тарап бөлгөн 50 орундук квота боюнча өтүштү. Бул Касым-Жомарт Кемелевичтин жеке демилгеси болгондугун жана бул чечимге ыраазычылыгыбызды билдирип кетем. Жакынкы мүнөттөрдө биздин билим берүү министрлерибиз Бишкекте Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин (КазУУ) филиалын ачышат. КазУУнун Бишкектеги филиалы эки өлкө үчүн керектүү жогорку квалификациялуу адистерди даярдай турган кадрларды даярдоо очогуна айланат деп ишенем", - деп кошумчалады Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий