• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн Бишкекте кикбоксинг боюнча мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 25.02.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте кесипкөй мушкерлер арасындагы кикбоксинг боюнча мелдеш өтөт. Ага Россия, Беларусь жана Орто Азиянын спортчулары катышат.

Мелдеш Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда өтөт. Ал кечтин башкы беттешинде кыргызстандык мушкер Дастан Шаршеев менен россиялык Алексей Додонов дүйнө чемпиону наамын талашышат.

Андан тышкары, бул күнү беттеше турган кыргызстандык мушкерлердин арасында Шахриз Халилов, Рустам Ибрагимов, Чыңгыз Бегматов, Аброр Хакимов, Авазбек Аманбеков, Шерзод Кабутов, Адилет Бекжан уулу бар.

Иш-чараны Александр Загорский алып барат.

Пикир

Оставить комментарий