• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бүгүн Бишкекте Салттуу маданий этнографиялык фестиваль өтөт

Маданият 0

Бишкек, 01.06.23. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата "Эже-сиңди, беш көкүл" долбоорунун алкагында Салттуу маданий этнографиялык фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу Мадаият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Иш-чара саат 16:00дө Байтик Баатыр жана А. Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Кыргыз-Азербайжан достук сейил багында өтөт.

Фестивалда Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовдун катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чара кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын, маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, эл ичинде туура кийим кийүү маданиятын даназалоо, элдик салттуу кол өнөрчүлүктү жандандыруу жана өнүктүрүү, жаш чеберлерди улуттук кол өнөрчүлүктүн салтын сактоого, иликтөөгө жана өнүктүрүү багытын көздөйт.

Пикир

Оставить комментарий