• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин кеңешмеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 15.05.19 /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн маданият министрлеринин XVI кеңешмеси өтөт.

Кеңешмеде ШКУ алкагындагы маданият тармагында кызматташуу, ШКУга мүчө мамлекеттердин маданий мурас объекттерин ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине киргизүү, 2021-жылы ШКУга мүчө мамлекеттерде "SilkRoadFest" эл аралык фестивалын өткөрүүнү талкуулашат.

Кеңешмеге Тажикстандын маданият министри Орумбек Шамсудин Шодибек, Өзбекстандын маданият министринин биринчи орун басары Озодбек Назарбеков, Казакстандын маданият жана спорт министри Арыстанбек Мухамедиулы, Россиянын маданият министринин орун басары Николай Овсиенко, КЭР Маданият жана туризм министрлигинин жетекчи курамынын мүчөсү Ванг Ксиофенг, Индиянын маданият министринин орун басары Шри Арун Гоел жана ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Се Сяоюнь катышат.

Пикир

Оставить комментарий