• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн Бишкекте ТҮРКСОЙдун кезектеги иш-чарасы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 19.02.19. /Кабар/. Бүгүн, 19-февралда саат 13.00тө К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасында Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) кезектеги жолугушуусу өтөт. Бул тууралуу КРнын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Кулуев билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын биринчи бөлүгүндө казактын улуу акыны Магжан Жумабаевдин кыргыз тилинде ТҮРКСОЙ тарабынан чыгарылган “Өмүр, өлүм – меники” аттуу ыр жыйнагынын бет ачары болуп, бардык катышуучуларга китеп таркатылат.

Ал эми жыйындын экинчи бөлүгүндө ТҮРКСОЙ тарабынан чыгарылган жана сүрөтчүлөрдүн чыгармаларынан түзүлгөн “Чыңгыз Айтматов” альбомун таанытуу, ошондой эле кыргызстандык айрым ишмерлерге, өнөр адамдарына ТҮРКСОЙ медалдарын жана плакеттерин тапшыруу аземи болот.

Пикир

Оставить комментарий