• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн Бишкектеги айрым үйлөрдө жылуулуктун параметри төмөндөйт

Коом 0

Бишкек, 23.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 23-ноябрда оңдоо иштерине байланыштуу айрым үйлөрдө жылуулуктун параметрлери төмөндөйт. Бул тууралуу “Бишкекжылуулуктармактары” ААКтын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Буденный, Гражданск, Гоголь, Сыдыков, Карпинск, Т.Айтматов жана Чүй кең көчөсү менен чектелген аймакта жүргүзүлгөн оңдоо иштерине байланыштуу ушул аймакта саат 09:00дөн 18:00гө чейин жылуулуктун параметри төмөндөйт.

«Бишкекжылуулуктармактары» ААК келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жылуулук жана ысык суу маселелери боюнча 1980 же 611169 номуру аркылуу Керектөөчүлөрдү колдоо кызматына кайрылса болорун эскертет.

Пикир

Оставить комментарий