• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында ичүүчү суу өчүрүлөт. Тизме

Коом 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. "Киркомстром" суу кампасында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкек шаарынын бир катар жерлеринде ичүүчү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-мартта саат 09:00дөн 17:00гө чейин Абакан, Архангельский, Белгород, Кустанай, Тираспольский көчөлөрүндө жана "Бишкекжылуулукэнерго" ишканасында ичүүчү суу өчүрүлөт.

Ошондой эле ысык суу жана жылытуу системасы төмөнкү жерлерде убактылуу өчүрүлөт:

-Кустанай көчөсү 36, 36а, 38, 40, 56, 58, 63;

-Белгород көчөсү 63, 65, 67, 69;

-Алыкулов көчөсү 4, 5, 42;

-Астрахань көчөсү 33, 48, 50, 58;

-Красноводский кесилиши 1а;

-№42 мектеп;

-№37 бала бакча.

Пикир

Оставить комментарий