• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 30-мартта Бишкектин айрым жерлеринде суу берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардын Күрөңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Бельский көчөлөрү, Ала-Арча суусу, Жибек Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү чектешкен аймагында, ошондой эле Красный Строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын Бешик, Салам Алик конуштарында суу өчүрүлөт.

Суу бүгүн саат 9:00дөн 22:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде болбойт.

Суу берүү "Северный" суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Пикир

Оставить комментарий