• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бүгүн Бишкектин бир катар конуштарында таза суу жок болот

Коом 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 11-ноябрда Бишкектин бир катар конуштарында таза суу жок болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 16:00гө чейин “Ак-Жар”, “Ак-Бата” жана “Келечек” конуштарында муздак суу убактылуу өчүрүлөт.

Суунун өчүрүлүшү “Ак-Жар”, “Ак-Бата” суу кампасында жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.

Пикир

Оставить комментарий