• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн Бишкектин бир катар райондорунда таза суу берүү токтотулат

Коом 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 8-октябрда Бишкектин бир катар райондорунда таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу борбордук муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Бишкексууканал” ишканасынын маалыматына караганда, бүгүн саат 9:00дөн 17:00гө чейин шаардын айрым бөлүктөрүндө таза суу берүү токтотулат.

“Белинский” суу дарбазасында жүргүзүлө турган оңдоп-түзөө-профилактикалык иштерине байланыштуу Калык Акиев, Күрөңкеев, Логвиненко, Чүй, Панфилов, Жибек Жолу, Абдрахманов жана Абдымомунов көчөлөрү менен чектелген райондордо суу токтотулат.

Анын ичинде:

- Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясы;

- Кожомкул атындагы спорттук-маданий комплекс;

- “Фабертэк” ЖЧКсы;

- №3 шаардык гинекологиялык оорукана;

- “Жалан Стайл” дүкөнү;

- “Океан” дүкөнү;

- №1 “КОСиКОГ” ЖЧКсы;

- Улуттук статистикалык комитет;

- “Пекин” рестораны;

- Кыргыз улуттук университети;

- Мамэпидкөзөмөл департаменти;

- “Спартак” башкы спорттук аянтчасы;

- “Телекомдун” филиалы;

- Кыргыз билим берүү академиясы;

- Кыргыз драма театры;

- Улуттук китепкана;

- Биринчи Май райондук администрациясы;

- Панфилов-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги КР Президентинин алдындагы мамлекеттик академия;

- Жибек Жолу-Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишиндеги Свердлов райондук билим берүү борбору.

Пикир

Оставить комментарий