• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн айрым тилкелери жабылат

Коом 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн айрым тилкелери жабылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саат 16.00дөн 23:00гө чейин Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин бөлүгү, ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Белгилей кетсек, жолдор Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын ортосундагы өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна тандоо туруна байланыштуу жабылат.

Пикир

Оставить комментарий