• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн Бишкектин борборун дезинфекциялоо улантылат - Орозалиев

Коом 0

Бишкек, 28.03.20. /Кабар/. Шаардын борбору дезинфекция иштерин жүргүзүү үчүн жабык бойдон калат. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, Бишкектин борборунда бүгүн дагы дезинфекция жүргүзүү улантылат.

"Ал көчөлөрдө дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Аталган көчөлөргө блокпосттор коюлуп, автоунааларга толук чектөө коюлат. Ал эми жөө жүргүнчүлөр маршруттук баракча, медициналык документтер (жолдомо кагаз, көчүрмө), ошондой эле өздүгүн күбөлөндүргөн күбөлүктүн негизинде жүрө алат", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын аймагында дезинфекция жүргүзүү максатында шаардын И.Ахунбаев, Чапаев, Жаш Гвардия бульвары, Жибек-Жолу көчөлөрү, ошондой эле Осмонкул, Салиева, Курманжан Датка 7-апрель көчөлөрү менен чектелген жерде санитардык-карантиндик аймак түзүлгөн.

Айта кетсек, бул аймакта дезинфекция иштери 26-марттан тарта жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий