• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн Бишкектин эки конушунда суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 21.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-июлда Бишкектеги Алтын-Ордо конушуна жана Полиция шаарчасына таза суу берүү токтотулат.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, суу берүү саат 9.00дөн 21.00гө чейин убактылуу токтотулат.

“Контррезервуар» суу алгычында оңдоо жана тейлөө иштери жүргүзүлө турганына байланыштуу өчүрүлөт. Бул жашоону камсыз кылуучу бардык системалардын сезондук шарттарында ишке даярдоо үчүн аргасыз чара болуп саналат”, - деп айтылат маалыматта.

“Бишкексууканал” ишканасы шаардыктарды ичүүчү сууну өз убагында камдап алууну суранып, келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий