• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкектин Ленин райондук сотунда Кулматов менен Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму уланды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.04.19 /Кабар/. Бүгүн Бишкектин Ленин райондук сотунда Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму уланды.

Буга чейинки отурумда айыпталуучулардын бири Васильев күнөөсүн моюндаган. Учурда судья Васильевдин ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүп кароо тууралуу чечим кабыл алуу боюнча кеңешүү үчүн атайын бөлмөгө кирип кетти.

Эске сала кетсек, борбор калаанын мурдагы эки мэри "Калыс-Ордо" конушундагы мектептин курулушундагы коррупция фактысы боюнча айыпталууда.

Алардын иши бир ишке бириктирилген.

Аталган эки мэрге Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш боюнча коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси С.О. жана алар менен ымалага келген жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш. жана С.А. аттуу жарандарга 303-берене (коррупция) боюнча айып тагылган.

Алар мамлекетке келтирген зыян 94 млн. 884 миң сом деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий