• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бүгүн Бишкектин жана Чүйдүн айрым райондорунда электр энергиясы берилбейт

Коом 0

Бишкек, 16.11.18 /Кабар/. Бишкектин жана Чүй облусунун айрым райондорунда бүгүн, 16-ноябрда электр энергиясы берилбейт. Бул тууралуу "Түндүкэлектр" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти. Электр энергиясын берүүдөгү чектөөлөр оңдоо иштеринин жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу.

Райондордун тизмеси:

9.00-18.00 – "Бакай-Ата" (Көкчө, Сейтек, Бакай-Ата, Анар, Сулайка, Кыргыл-Чал көчөлөрүнүн бөлүктөрү), "Көк-Жар" (Көк-Жайык, Көк-Жаңгак, Арстанбап, Ахунбаев, Ой-Терскен, Тон, Конорчок, Достоевский, Жеңи-Жок, Керемет, Молдокулов, Кулмурзаев, Куйручук, Улан көчөлөрүнүн бөлүктөрү), "Ала-Тоо" (Кара-Булак, Ак-Булак көчсөлөрүнүн бөлүктөрү) конуштары ;

9.30-12.00 - "Ала-Арча" (Горный, Сыдарбаев көчөлөрү) конушу, Чоң-Арык (Семетей көчөсү) айылы;

9.30-18.00 – Можайский, Саадаев, Кокчетавская, Тоголок Молдо, Табалдиев, Новый, Тынчтык проспекти, Багижский, Дарханский, Измайловский, Саруйский чолок көчөлөрү, Чоң-Арык айылы (Кожобергенов көчөсү);

9.00-17.00 – "Арча-Бешик" (Бердибаев көчөсү) конушу.

Чүй облусунда:

8.00-17.00 - Көк-Жар айылы (Кыял, Майрам, Карагул Акмат, Мадиев, Конур Осмон, Эгинбаев, Кумушалиева, Кийизбаева, Кыдыкеева көчөлөрү, "Төрт-Күл" конушу);

9.00-17.00 – Ленинское (Восточный көчөсүнүн бөлүгү), Васильевкаи (Комсомол, Фрунзе көчөлөрү), Аламүдүн (Панфилов, Горький, Алмата), Кашка-Суу (Медеров көчөсү), Төмөнкү Ала-Арча (Новое, Совет, Зелное көчөлөрү), Пригородное (Горький, Биринчи Май көчөлөрү), Новопавловка (Совет, Киров, Ала-Арча көчөлөрү), Новое (Строительный көчөсү), Жыламыш (Жыламыш, Школьная, Нуркан көчөлөрү), Асылбаш (Жаңы-Турмуш көчөсү, Холодное капчыгайы), Төш-Булак (Совет, Булан, Береговая, Ж.Айзабеков, Токтогул, Гагарин көчөлөрүнүн бөлүктөрү) айылдары;

8.30-17.00 – Федоровка айылы (Совет көчөсүнүн бөлүгү).

Пикир

Оставить комментарий