• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бүгүн биз шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн чыныгы активдүүлүгүнө күбө болобуз – саясат таануучу

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Бийликтин административдик ресурсту жана добуш сатып алууну жоюуга багытталган саясаты жарандардын активдүүлүгүнө таасирин тийгизүүдө, деп билдирди Борбордук Азиядагы Тынчтык жана өнүгүү институтунун төрагасы, саясат таануучу Бакытбек Жумагулов 28-ноябрда өтүп жаткан шайлоодо шайлоочулардын активдүүлүгүнө комментарий берип жатып.

“Шайлоо тынч өтүп жатат, шайлоо тилкелеринде толкундоолор жок. Социалдык тармактардагы партиялардын жана талапкерлердин жеке баракчаларына, ошондой эле алардын сайттарына жасалган анализ шайлоочулардын эркин билдирүүсүнө таасир эткен одоно мыйзам бузуулар жок экенин көрсөттү. Техникалык мүчүлүштүктөргө байланыштуу айрым даттануулар бар, бирок алар бардык жерге тийиштүү эмес жана жарандардын эркин билдирүүсүнө тоскоол болбойт”, – деди эксперт.

Ал эми шайлоого катышууга келсек, саясат таануучунун айтымында, Кыргызстанда адатта күндүн биринчи жарымында шайлоочулардын агымы болбойт, негизинен жарандар добуш берүүгө түштөн кийин жана кечинде келишет.

“Мындан тышкары, бийликтин административдик ресурсту жана паракорчулукту жоюуга багытталган саясаты жарандардын активдүүлүгүнө таасирин тийгизүүдө. Бүгүн биз шайлоочуларды ташуу фактысын байкаган жокпуз. Башкача айтканда бүгүн салыштырмалуу чыныгы картинаны көрүп жатабыз десек болот. Ошондуктан бүгүнкү добуш берүүнүн жыйынтыгы менен биз шайлоочулардын катышуусунун чыныгы көрсөткүчүн көрө алабыз”, - деди Бакытбек Жаманкулов.

Пикир

Оставить комментарий