• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бүгүн Чүй проспектиси убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 24.01.19./Кабар/. Бишкекте бүгүн Чүй проспектисинин бир тилкеси убактылуу жабылат. Бул тууралуу борбордук муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ала-Тоо аянтында атамекендик футболчулардын Кыргызстанга кайтып келишине арналган концерттик программа уюштурулат. Ага байланыштуу саат 13:00дөн тарта Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки тилкеси жабылат.

Эске сала кетсек, бүгүн таңда Александр Крестининдин шакирттери БАЭда өткөн Азия Кубогунан кайтып келишкен. Аларды “Манас” аэропортунда 100дөн ашык адам тосуп алган.

Пикир

Оставить комментарий