• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бүгүн чек ара маселесине байланыштуу кыргыз-тажик делегаттары жолугат

Саясат 0

Бишкек, 14.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 14-январда вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган Кыргызстандын делегациясы чек арадагы кырдаал боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Өкмөттөн кабарлашкандай, жолугушуу чектеш аймакта өтөт.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин жетекчилери, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бар.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал, аны турукташтыруу боюнча мындан аркы чаралар, чек ара коопсуздугун бекемдөө, чек ара окуяларын алдын алуу чаралары, ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин активдештирүү маселелери талкууланат.

Жолугушуу эки мамлекеттин башчыларынын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларга ылайык өтөт.

Пикир

Оставить комментарий