• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бүгүн чек арадагы кырдаал боюнча координациялык кеңешме өтөт

Коом 0

Бишкек,16.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 16-январда Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча координациялык кеңешме өтөт.

Кеңешме вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун, чек ара маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Баткен облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин катышуусунда өткөрүлөт.

Анда чек арага чектеш жайгашкан аймакта коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу, облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча маселелер талкууланат. Ошондой эле тажик тарап менен сүйлөшүү процесси боюнча калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, чек ара кызматташтыгын бекемдөө тууралуу маселелер талкууланат.

Вице-премьер-министр Баткен облусуна иш сапарынын алкагында Көк-Таш айылынын жашоочулары менен жолукту. Бир катар маселелер, анын ичинде чагымчылдык аракеттерге шектелген айылдын 4 жашоочусунун камакка алынышы талкууланды. Белгиленгендей, бул маселе мыйзам чегинде дыкат каралат.

Пикир

Оставить комментарий