• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бүгүн Чемпиондор лигасынын 2019-2020-жылынын экинчи туру башталат

Спорт 0

Бишкек, 01.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 1-октябрда Бишкек убактысы боюнча саат 22:55те Чемпиондор лигасынын 2019-2020-жылынын экинчи туру башталат.

Мелдешке 32 команда катышууда.

Алгачкы беттеште "Аталанта" менен "Шахтер Донецк" клубу оюн өткөрөт. Ошол эле убакта, мадриддик "Реал" командасы "Брюгге" командасы менен ойнойт.

Аталган биринчиликтин биринчи турунда күчтүү делген "Ливерпуль" жана "Реал" командалары жеңилүүгө учураган. Ал эми, "Барселона" менен "Ювентус" клубу каршылашын жеңе албай, оюн тең чыккан.

Эскерте кетсек, Чемпиондор лигасынын 2018-2019-жылынын чемпиону "Ливерпуль" клубу аталган.

Пикир

Оставить комментарий