• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бүгүн Чемпиондор лигасынын 5-турунун оюндары башталат

Спорт 0

Бишкек, 26.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 26-ноябрда Чемпиондор лигасынын 5-турунун оюндары башталат.

Бишкек убактысы боюнча саат 23:55те россиялык "Локомотив" менен "Байер" жана түркиялык "Галатасарай" менен "Брюгге" командалары оюн өткөрөт.

Ошондой эле 27-ноябрга караган түнү саат 02:00дө "Реал" командасы "ПСЖ" клубу менен беттешет. Италиялык "Тоттенхэм" менен "Олимпиакос", "Манчестер сити" менен "Шахтер Донецк", "Ювентус" менен "Атлетико", "Бавария" менен "Црвена Звезда" жана "Аталанта" менен "Динамо Загреб" командалары талаага чыгат.

Мелдешке 32 клуб катышууда.

Эскерте кетсек, Чемпиондор лигасынын 2018-2019-жылкы сезонунда "Ливерпуль" клубу жеңүүчү болгон.

Пикир

Оставить комментарий