• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн Чемпиондор лигасынын 6-турунун оюндары башталат

Спорт 0

Бишкек, 10.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 10-декабрда Чемпиондор лигасынын 6-турунун оюндары башталат. Бул тууралу UEFA'нын сайтында айтылат.

Бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 23:55те "Ливерпуль" менен "Ред Булл" жана "Наполи" менен "Генк" клубдарынын оюну башталат.

Ошондой эле 11-декабрга караган түнү саат 02:00дө "Челси" менен "Лилль", "Боруссия" менен "Славия", "Лион" менен "Лейпциг", "Бенфика" менен "Зенит", "Барселона" менен "Интер" жана "Аякс" менен "Валенсия" командалары оюн талаасына чыгат.

Жалпы мелдешке 32 клуб катышууда.

Эскерте кетсек, 2018-2019-жылкы сезондо "Ливерпуль" клубу Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болгон.

Пикир

Оставить комментарий