• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бүгүн "Чыңгыз Айтматов жана театр" эл аралык фестивалы башталат

Маданият 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 12-ноябрда "Чыңгыз Айтматов жана театр" эл аралык фестивалы башталат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын программасы боюнча саат 09:30да Киев көчөсүндөгү Ч.Айтматовдун эстелигине гүл коюлат.

"Андан соң, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында фестивалдын катышуучулар кызыл килемден өтүп, иш- чаранын салтанаттуу ачылышы башталат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий